Turmush — Кантта шаар жетекчилигинин атын жамынып акча сураган шылуундар пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы убактарда Кант шаарында алдамчылык боюнча бир катар окуялар болгон.
«Белгисиз адамдар өздөрүн мэр же мэриянын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарга алардын атынан кайрылууда.
Расмий түрдө билдиребиз: мэр да, мэриянын кызматкерлери да мессенджерлер аркылуу жеке кат алышпайт жана акча каражаттарын, которууларды же жеке маалыматтарды талап кылышпайт. Сиздерди этият болууга жана алдамчылардын тузагына түшпөөгө чакырабыз. Шектүү шилтемелерге өтпөңүздөр жана жеке маалыматтарыңызды бербеңиздер.
Мындай билдирүүлөрдү алган учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды суранабыз», - деп айтылат маалыматта.