Turmush — Талас шаарындагы Жаштык конушунда 200 даана ак кайың көчөтү тигилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, отургузулган көчөттөрдүн жакшы өсүп, сакталышын камсыз кылуу максатында алардын айланасы тосмолор менен курчалып, коргоо иштери да жүргүзүлдү.
Бул демилге шаар аймагындагы жашыл аянттарды көбөйтүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө багытталган.