Turmush — Ош облусунун аймагында эки айда мал уурулук боюнча 68 факты катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ОИИБдин кызматкерлери облус аймагында мал уурулуктун алдын алуу боюнча атайын рейддик иш-чара жүргүзүштү. Иш-чаранын максаты — жарандарга мал уурулуктун алдын алуу чараларын эскертүү, уурулардын оңой олжо табуусуна бөгөт коюу.
Анда милиция кызматкерлери айыл тургундарын үймө-үй кыдырышып, малканалардын эшигин кулпулоо, короого видеокамера орнотуу, малды идентификацилоодон өткөрүү, жайыттарда узак убакытка мал-жандыктарын өз алдынча калтырбоо боюнча эскертишти. Ошондой эле аймактык тескөөчүлөр шектүү аракеттер байкалса, кабар берүү үчүн визиттик карточкаларды таркатышты. Мал базар ээлерине, мал союлуучу жайларга коопсуздук чараларын жакшыртуу, видео көзөмөл камераларын орнотуу зарылдыгын белгилешти.
2026-жылдын 2 айында мал уурулук фактысы боюнча 68 кылмыш иши козголуп, 44 кылмыш ишинин бети ачылган. Калган 24 кылмыш иштери боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.