Turmush — Кызыл-кыялык мушкер Зарина Асанова Таиландда өткөн «World Boxing U-19 Futures Cup» эл аралык турниринде коло медаль утту.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган эл аралык турнир 8-15-март аралыгында өтүп, ага Кызыл-Кыя шаарынан 2 мушкер кыз барган. Алардын бири Зарина Асанова 70 кг салмак категориясында коло медалдын ээси болду.
Учурда спортчулар кайтып келе жатышат.