Turmush — Чүй облусунун Жайыл районунун командасы баскетбол боюнча Кыргызстандын чемпионатында коло байгеге ээ болду.
Чемпионат 14-15-март күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү. Чемпионатка 2010-2011-жылдары туулган спортчулар (U-16) катышты. Командалардын курамында Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби, Калкан-Бишкек жана Динамо-Жайыл болду.
Жайыл районунун командасы машыктыруучу Расул Бегалиевдин жетекчилигинде катышып, борбордун клубдары менен ойноп, бирок жарым финалда Калкан-Бишкек командасынан утулуп, 3-орунга ээ болду.
Женүүчүлөр Кыргызстандын баскетбол федерациясы тарбынан сыйланды.