Turmush — 11-март күнү Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун Сокулук районундагы тилкесинде кызыл чырактан өтүп, кооптуулук жараткан жеңил унаанын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа кызыл чыракка унаанын баары токтогондон кийин кеч келсе да өтүп кеткен. Бул убакта жашыл күйгөн жолдун тилкелеринде кыймыл башталган. Күбөлөр кокус жөө адам өтүп бара жатса эмне болмок деп суроо салышты.
Чүй ОИИБдин жол сакчылары аталган айдоочу изделип жатканын билдирди.