Turmush — Өзгөн шаарында заманбап ландшафттык дизайн элементтери киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын мэри Элдос Таев жашылдандыруу кызматкерлеринин иши менен жеринен таанышып, шаар аймагын көрктөндүрүү жана жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча жыйын өткөрдү.
Жолугушууда шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эс алууга ылайыктуу, кооз жана заманбап коомдук жайларды уюштуруу маселелери кеңири талкууланды. Ошондой эле шаарды жашылдандыруу боюнча дайындалган дизайнер менен жолугушуу өтүп, декоративдик бак-дарактардын жана жашыл көчөттөрдүн түрлөрү, аларды отургузуу тартиби, ошондой эле ландшафттык дизайн элементтерин киргизүү боюнча сунушталган долбоорлор каралды.
Мэр жашылдандыруу иштери дарак отургузуу менен гана чектелбестен, шаар тургундары жана коноктору үчүн таза, жагымдуу жана кооз чөйрө түзүүгө багытталышы керектигин белгиледи. Мындан тышкары, көчөттөрдү туура тандоо, сапаттуу отургузуу жана аларды үзгүлтүксүз кароо иштери өзгөчө көзөмөлдө болору айтылды.
Учурда шаарды көрктөндүрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар иштер пландалууда. Бул аракеттер экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзүп, Өзгөндү жашоого ыңгайлуу жана көрктүү шаарлардын катарына кошууга багытталган.