Turmush — Кара-Балта шаарындагы №3 мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды.
Жергиликтүү тургундар билдиргендей, оңдоо иштер 3-мартта башталган. Учурда эски терезелерди жана чатырды бузуу иштери жүрүп жатат.
Жумушчулардын айтымында, оңдоо иштери тез темпте жүрүүдө. Кээде 40 кишиге чейин иштеген курулуш бригадалары түн ичинде да ишин улантышат. Учурда мектептин имараты толугу менен терезесиз жана чатырсыз калды.
Жакынкы күндөрү электр зымдарын алмаштыруу иштерин баштоо пландалууда. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн тышкары окуу эмеректерин жаңылоо да каралган.
№3 мектеби 1976-жылы курулган. Имарат курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Оңдоо иштеринин алкагында санитардык жайлар да толугу менен модернизацияланат.
Окуу жайдын администрациясынан маалымдашкандай, мектепте көптөн бери көйгөйлүү жерлер болуп полдор, дааратканалар, терезелер жана эшиктер саналган. Алардын айтымында, олуттуу оңдоону талап кылган көптөгөн маселелер топтолуп калган. Ошондуктан капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.
Учурда Кара-Балта шаарындагы №2 жана №10 орто мектептеринде, ошондой эле «Малыш» жана «Чебурашка» бала бакчаларында да оңдоо иштери жүрүп жатат.
Бардык оңдоо иштери КР президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Оңдоо иштери мезгилинде окуучулар онлайн окутууга которулду.