Turmush — Жалал-Абад облусунда укук бузууларды алдын алууда мыйзам талаптарын тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн 52 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болду. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, президенттин «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» 2025-жылдын 5-июнундагы №178 жана «Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужолу жөнүндө» 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 жарлыктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан былтыркы жыл ичинде 33 миңден ашуун окуучуга, 30 миңге чукул ата-энеге жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен 177 жолу жолугушуу өткөрүлүп, анда кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо багыттары талкууланды.
Аталган пландын укук бузууларды, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукту, мектептеги рэкетчиликти, жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына үзгүлтүксүз көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча облустук прокуратура органдары тарабынан жалпы 54 текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 142 мыйзам бузуучулук аныкталды. Аларды жоюу максатында ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө 43 сунуштама, 6 талап, 7 алдын ала эскертүү келтирилип, келтирилген прокурордук актылардын негизинде 52 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болгон.
Ал эми ишкерлердин укуктарын коргоо багытындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча 2025-жылы 35 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 100 мыйзам бузуучулук аныкталды.
Анын ичинен:
- 99 мыйзам бузуучулук четтетилип;
- ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 1 каршылык билдирүү;
- 3 укук бузуу жөнүндө токтомун жокко чыгаруу токтом;
- 28 сунуштама, 2 талап, 3 эскертүү келтирилген.
Ошондой эле 2 укук бузуу жөнүндө өндүрүштө иш козголуп, келтирилген прокурордук актылардын негизинде 28 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан жана 2 кызмат адамы айып пулга кириптер болгон.
Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан 2025-жылдын 12 айында ишкердиктин субъекттеринен 36 арыз келип түшкөн. Кароонун жыйынтыгы менен 19 кайрылуу канааттандырылып, 14 кайрылуу боюнча түшүндүрмө берилип, 3 кайрылуу караштуулук боюнча жиберилген.
Жер-жерлерде ишкердик субъекттеринин, укук коргоо жана контролдоочу органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жалпы 48 жолугушуу өткөрүлүп, анда бизнес коомчулуктун ар кандай чөйрөсүндөгү өкүлдөрү катышкан.