Turmush —
Кадамжай районунун Эшме айылындагы мектептин 150 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштери жүрүп жатат.
Маалым болгондой, курулуштун сметалык баасы 88 млн 576 миң 657 сомду түзөт. Акча республикалык бюджеттен каралган. Курулуш иштерин «Аль-Амар» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Азыркы учурда №54 Эшме жалпы билим берүү мектебинде 215 окуучу билим алат. 100 окуучуга ылайыкташкан эски мектептин имараты жараксыз абалга келип калган.
Юстиция министрлигинин маалыматы:
«Корпорация Аль-Амаль» ЖЧКсы
Негизги ишмердүүлүгү: турак жай жана турак эмес имараттарды куруу
Катталган жылы: 06.09.2012
Түзүүчүсү жана жетекчиси: Кожоев Уланбек Жанибекович.