Turmush — Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүм атасынын унаасын айдап бара жатып кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 13-мартында болжол менен түнкү саат 03:47 чамасында 16 жаштагы өспүрүм атасынын уруксатысыз автоунаасын алган. Өспүрүм атасы үйүндө уктап жаткан учурда ага билдирбей, «Chevrolet Spark» үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын алып, досу менен бирге айдап чыгып кеткен. Көп өтпөй аны милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери токтотуп кармашты.
Окуядан кийин өспүрүмдүн атасы чакыртылып, автоунаа айып короого токтотулду. Ал эми мыйзам бузуу фактысы боюнча атасына 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.