Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы маданият үйү оңдолуп жатат.
Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири маданият үйүнүн алдындагы авариялык абалдагы мамыда илинип турган кулактандырууну тартып, тамаша сөздөрүн айткан видеосу социалдык тармактарда талкууга кабылган. Кулактандырууда мамы кооптуу экени, анын аймагында басууга болбой турганы эскертилген.
Ал эми Кант шаарынын мэриясы аталган имаратты унаа сүзүп кеткенден кийин дароо чаралар көрүлүп, курулуш башталганын билдирди.
«Бул райондук маанидеги эски маданият үй. Бирок Кант шаарынын мэриясынын карамагында. Туура, февраль айында унаа сүзүп, имараттын кире беришиндеги тирөөч мамылардын бирине доо кеткен. Ал жарака болуп, кооптуу абал жараткан күнү дароо ал жерге кулактандыруу илинген. Көп өтпөй тиешелүү чаралар көрүлүп, курулуш иши жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.