Turmush — Манас шаардык кеңешинин төрагалыгына эки талапкер сунушталып, экөө тең колдоо тапкан жок.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, «Эмгек» фракциясынан Аскат Талант уулу көрсөтүлсө, «Адилет» фракциясынан Эмилбек Сатарбаев өзүн-өзү көрсөттү.
Сессиянын күн тартибинде шаардык кеңештин депутаттарынан эсептөө комиссиясы түзүлүп, жабык добуш берүү менен коштолуп, 37 депутат катышты. Жыйынтыгында Аскат Талант уулу 20, Эмилбек Сапарбаев 16 добуш алып, экөө тең өткөн жок. Төрагалык кызматка эң аз 21 депутаттын колдоосу керек.
Эки талапкер тең кайрадан төрагалык кызматка талапкер боло албайт.
Бүгүн, 9-марттагы сессияда Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов кызматын тапшырды.
Шаардык кеңештин 2025-жылдын 3-сентябрындагы сессиясында төрагалык кызматка Нуртилек Болотовдун талапкерлиги каралып, депутаттар жашыруун добуш беришкен. Шайлоого 41 депутаттын ичинен 37 депутат катышып, баарынын колдоосу менен Болотов төрага болуп шайланган болчу.
Болотов ушул чакырылыштагы Манас шаардык кеңешинин экинчи спикери болуп калды. 2024-жылдын 28-ноябрында Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары сессияга чогулушкан. Аларга кызматтык күбөлүктөрү жана төш белгилери тапшырылган.
Шайланган 41 депутаттын 12си аялдар. Шаардык кеңештеги мандаттар үчүн 3 саясий партия ат салышкан. Алардын бардыгы 5%дык шайлоо босогосунан өткөн. Добуштардын жыйынтыгы төмөнкүчө бөлүнгөн:
- «Жаңы Кыргызстан» партиясы — 48,52% (20 мандат);
- «Адилет» партиясы — 40,67% (17 мандат);
- «Эмгек» партиясы — 9,67% (4 мандат).