Turmush — Талас районунун Сасык-Булак айылынын 53 жаштагы тургуну Айзат Алиева чеберчилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча сүрөтчү-жасалгалоочу.
«Мен калаабыздагы Сүймөнкул Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайын кызыл диплом менен аяктагам. Сүрөтчү жасалгалоочу адистигине ээ болгом. Айылда жашаганыбызга байланыштуу, турмуш шартыбызга ылайыктуу кылып ушул кол өнөрчүлүктү алып кеттим. Бу өнөр апамдан өткөн. Кичинекей кезимде эле «колуң жөндүү» деп көп айтышчу. Сүрөт тартып чий токучумун, калпак тикчүүмүн. Кыздарга такыя тигем.
Учурда элечек ороп жатам. Аны жалаң эле жакындарыма ороп берип жатам. Элечекке курагына карата оюм түшүрүп жатам. Ар бир оймону мааниси менен жасайм. Элечек бул көчмөн элибиздин эң керектүү буюму болгон. Азыр ойлосом апаларыбыз абдан камдуу болушкан экен. Мисалы элечектин баш кийим катары колдонгондон тышкары дагы көп милдети бар. 21 метр ак мата менен оролот. Көчүп бара жатканда кош бойлуу болуп, бала туулуп калса, баягы башындагы таза жүргөн элечектин ак кездемесинен колдонушкан. Же болбосо көчүп бара жатып бирөө каза болуп калса дагы, башынан ак элечектен алып, кепин катары колдонушкан. Ушундай камдуу жүрүшкөн. Аны жаш жумушка тойбой турган келиндер эмес, жаш курагы улуураак апалар кийишкен экен.
Ушул баш кийимди эл арасына жайылтуу максатым. Азыркы заман талабына жараша, мурунку менен бүгүнкүнү айкалыштыргым келет. Жасаган иштеримди баалап алгандар көп эле. Көбүнчө көргөзмөлөргө алып чыксам, түшүрүлгөн саймаларына, оюмдарына кызыккандар көп болот», - деди ал.
Чебер айым жолдошу экөө 3 уул 2 кыздын ата-энеси.