Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын тургуну Курманбек Жантаев 15 жылдан бери биогумус өндүрүү менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Каарманыбыз биогумустун артыкчылыктары тууралуу айтты.
«Бакчамда алма, өрүк, карагат, малина жана башка жер-жемиштерди өстүрөм. Ал үчүн органикалык таза жер семирткич зарыл экендигин билип, биогумус өндүрүүнү колго алдым. Биогумус өндүрүп жатканыма 15 жылдан ашты. Өзүбүз бакчабызга эккен жер-жемиштерге колдоном. Ашып калганын элге сатам. Баасы 25 сомдон. Дүңүнөн алгандарга же көп алгандарга 20 сомдон берем. Биогумустун артыкчылыгы жер-жемишти "күйгүзүп кетет, андай-мындай" деген эч кандай коркунуч жок. Мындан тышкары, сөөлжандарын дагы сатам. 1 килограммы 300 сомдон. Учурда айдоо аянттарга чачууга биогумус даярдаш үчүн сөөлжан алып жатышат. Мисалы, 1 гектар аянтка 30-40 тонна кык чачыла турган болсо, ал эми ошол 1 гектар аянтка 2 тоннадай гана биогумус сарпталат. Мындан тышкары, аны гүл өстүргөндөр көп алышат», - деди Курманбек мырза.
Ал сөөлжандардын кыш мезгилинен кантип сактап калуунун жолун айтты.
«Бир жылда чогула турчу кыктын көлөмүнө жараша аң казыш керек. Болжол менен тереңдиги 160-170 сантиметр, ал эми узун-туурасын 1,5 метрден ашык кылып аң казып алып, ага кык салабыз. Андан соң сөөлжандарды коё беребиз. Дайыма ным болуп туруш керек. Кургап калса эле сөөлжандар өлөт. Күн өтө ысып бара жатса аңдын үстүн жаап коёбуз. Бир аз кургап бара жатканда эле суу агызып коюп турабыз. Анан жылуулук дагы керек. Сөөлжанга жараша биогумус иштелип чыгат. Көп болсо ылдам иштетилет дегендей. Кыш мезгилинде аңдын үстүнө 40 сантиметр кык менен көмүп салыш керек. Кыктын алды жылуу болуп, кыштан чыгып кетет. Сөөлжан жумурткалап, жумурткасынан эле өзүнөн өзү көбөйө берет», - деди Курманбек Жантаев.
Каарманыбыз 20 жылдан бери малина өстүрүп келе жатканын айтты.
«Малина өстүрүп жатканыма 20 жылдан ашты. Тээ союз учурунда эле, жаңы үйлөнгөн жылы отургузгам. Ошондон бери малина өстүрүп келем. Түшүмдүүлүгү жакшы. Келгендерге мөмөсүн сатабыз. Кыям жасап сатабыз. Бир сезондо канча көлөмдө сатарыбызды деле эсептеп көргөн жокпуз. Базарга деле алып чыкпайбыз. Билгендер үйгө келет. Жеринен эле берип сатабыз. Кирешеси ырас эле. Малина өзүнөн өзү көбөйө берет. Бирок убагында сугарып, кырка турчу бактарын кыркып, баары бир багыш керек да. Бакпасаң түшүм бербейт. Малинанын көчөттөрүн дагы сурап келгендерге сатам. Баасы 15-20 сом», - деди ал.