Turmush — Таластын 50 жаштагы Наргүл Үмөталиева «Манас Ордо» комплексинде баяндамачы болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Талас районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн.
«Атам Ашымбек Үмөталиев Манас айылындагы №110 кесиптик лицейде өндүрүштүк окутуунун чебери жана чарба иштери боюнча бөлүм башчы болуп иштеди. Андан соң СССР учурунда көп убакыт Чат-Базар райондук борборунда чарбалык магазинде сатуучу болуп эмгектенип жүрдү. Апам Атыркүл Үмөталиева колхоздо иштеп, үй-бүлө менен иштин оор жүгүн тең көтөргөн. Бирок мен үчүн апамдын эң кымбат кызматы 9 баланы жарык дүйнөгө алып келип, ар бирин мээримге бөлөп өстүргөнү болду. Баарыбызды окутуп, жогорку билимге жеткиришти. Биз бүгүнкү күндө ким болсок да бул алардын мээнети», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими экенин билдирди.
«Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде 2007-2010-жылдары андан соң 2017-жылдан баштап иштеп келе жатам. Студент кезимде биз окуган факультеттин деканы Үсөнбек Давлеталиев «Сенде баяндамачылыка төп келген талантың бар экен. Ошол жакты бир көрчү» деп ушул багытты сунуштады эле. Ошол адамдын сунушу менен келип калдым. 11 жылдан бери иштеп жүрүп, жан дүйнөмө руханий тынчтык таба алдым. Жумушка келгенде күндө эртең менен ата-бабаларыбызга Куран окуп, анан иш баштоону туура көрөм. Бул кадам мага кадимкидей күч кубат берет.
Келген конокторго баяндама жүргүзгөн учурда ар биринин жүзүнөн таң калуу, бирде суктануу ошол эле учурда сыймыктанууну көрө алам. Эсимде алыстан келген бир аксакал «Кызым Манас окуясын укканда, Манас менен чогуу жүргөндөй эле болдум» деп көзүнө жаш алып, ак батасын берген.
«Жамгыр менен жер көгөрөт. Бата менен эл көгөрөт» дегендей көп адамдардын батасын алдым. Ал ортодо жараткандын буйругу менен «Маданияттын мыкты кызматкери» жана «Улут сыймыгы» төш белгилери менен сыйландым. Азыр «Манас Ордо» комплекси жаңы этапка өтө баштады. Жакында санариптик түрдөгү «Манас эпосу» музейинин электрондук вариантына үн коштоп келдим», - деди ал.
Баяндамачы айым буга катар эле 2 кыз, 1 уулдун апасы экенин кошумчалады. Уулу Алихан 12 жашта.