Turmush — Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын мергенчилери 1 күндө 2 карышкыр атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү мергенчи Максат Нарынбек уулунун айтымында, кыш мезгилинде карышкыр күч болуп, жергиликтүү жашоочулардын малына кол салып, чыгымга учуратып жаткандыктан карышкырга аңчылык кылуу иштери колго алынган. Натыйжада 10 күн мурун Максат Нарынбек уулу тарабынан 2 дөбөт карышкыр жок кылынса, ал эми ат-башылык мергенчилер менен биргеликте уюштурулган аңчылыкта 1 дөбөт жана 1 канчык карышкыр атылгандыгы маалым болду.
«Учурда карышкыр күч болууда. Карышкырлар үйүрү менен жүрүүдө. Тактап айтканда, 5-6дан, 3-4төн болуп чогуу жүрүп, жылкыларга кол салышууда. 2 айдан бери 20дан ашык жылкы, 20дан ашык кой жедирдик. Тайлардын бир далайын жеп кетти.
Карышкыр атууга айыл элинен сый акы коюлуп берилген. Ар бир жылкы башына 100 сомдон чогултушкан. Чогулган акчадан 1 карышкырга 15 миң сом беришет. Айылда болжол менен 1 миңге чукул жылкы бар. Ноот, Ак-Дөбө, Айгыр-Булак деген жерлерден 10 күн мурда аңчылык кылууда 2 дөбөт карышкыр атып алгам. Андан кийин же тагырагы 9-январь күнү ат-башылык мергенчилер менен биргеликте аңчылыкка чыгып, алар тарабынан 2 карышкыр атылды» - деди мергенчи.