Turmush — Жалал-Абадда уюштурулган рейдде 97 мас айдоочу кармалды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, «Бахус» аталышындагы рейд 25-декабрдан 10-январга чейинки аралыкта өткөн. Рейдин алкагында жол эрежесин бузган 4110 айдоочу аныкталды. Анын ичинен 97 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып, рулга ээ болгон. 67 айдоочу унаасын карама-каршы тилкеде айса, 9 айдоочу унаасына уруксат кагазы жок караңгылаткан. 1627 айдоочу белгиленген ылдамдыкты ашырып айса, 66 айдоочу унаанын техникалык паспорту же айдоочулук күбөлүгү жок башкарган. 2121 айдоочу ар кандай эрежелерди бузуу менен катталса, 123 айдоочуга жөө жүргүнчүгө жол бербегени үчүн админстративдик протокол толтурулган.
252 унаа айып короо жайына токтотулган.