Turmush — 9-январда Өзгөндө жаңы салынган «Тез-Жол»«» унаа жолунда башынан жаракат алган жигиттин окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-январь күнү социалдык тармактарда Өзгөн районундагы акы төлөнүүчү жаңы салынган унаа жолдо бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын терезелери белгисиз жарандар тарабынан ыргытылган таштан улам талкаланып, анда жүргүнчү катары бара жаткан жигит башынан жаракат алгандыгы тууралуу видео тараган.
Окуя 9-январда түнкү саат 23:50 чамасында болгон. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган У.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал «Даф» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен түндүктөн-түштүктү көздөй башкарып бара жаткан учурда белгисиз адамдар айнегине таш менен уруп сындырып, 2009-жылы туулган С.И. аттуу жүргүнчүнүн башына таш тийип, жаракат алгандыгын билдирген. Ал жерге милициянын тергөө тобу барып, жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иш козголгон.
Алдын ала маалымат боюнча, 9-январда саат 23:30 чамасында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын тургундары 2011-жылы туулган А.К., Н.Б., С.Б., А.Э., жана 2010-жылы туулган М.А., Ж.А., М.А., А.А., А.Д. аттуу 9 өспүрүм «Тез-Жол» унаа жолуна жакын аймакта жылгаяк тээп жаткан учурда белгисиз бир жаныбардын үнүн угуп, (чөө бөрү) аны көздөй таш ыргытышканда аталган унаанын терезесине тийген.
Ыкчам тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.