Turmush — Ош облусунда «Арсенал» рейдинин жүрүшүндө 11 курал алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган рейд 30-декабрдан тарта 10-январга чейин өттү. Анын жүрүшүндө каттоодо турган 1246 мергенчи, 42 газ-травматикалык куралы бар жарандар жана белекке берилген 4 куралдын ээси текшерилди. Куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 33 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата 99 миң сом айып пул салынып, 9 миң сому өндүрүлдү.
11 курал милицияга алынды. 6 курал мыйзамсыз сакталгандыгы үчүн 3 даана курал сактоо шарттарын бузгандыгы үчүн 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу алынды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.