Turmush — 3-январда Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттен табылган ымыркайдын апасы кечээ, 10-январда табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-январь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылган. Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБде катталып, иликтөө башталган. Ымыркайдын апасы катары Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну кармалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.