Turmush — Баткен районунун Кара-Булак айылындагы тарых музейинде кылым карыткан баш кийим көпчүлүктү кызыктырып келет.
Тарыхчы Айтунук Казакованын айтымында, буга чейин музей жок болгондуктан экспонаттарды келген коноктор сатып алуу сунуштарын берген. Бирок айыл тургуну, тарыхчы Сайдакбар Абдыганыев аларды темир контейнерде сактап, азыркы музейди түптөгөн. Айрым туристтер экспонаттардын арасынан аялдардын баш кийими болуп саналган паранжы сыяктуу бет жапкычты чоң суммадагы акчага сатуусун суранышкан. Бирок кыргызда баш кийимди бирөөлөргө берген эмес дешип, сатпай музейге коюшкан.
«Бул аялдардын улуттук баш кийими. Элечектин бир бөлүгү болуп эсептелинген. Аны «кеп чач», «чач кеп», «баш кеп» деп да аташат. Бул башты толугу менен жабат. Эки жаагын да жаап турат. Арттагы өрүлгөн чачты да жаап тура турган куйрукча бар. «Чым бет» деп бетин да жабат.
Мындагы шуру мончоктор да абдан баалуу таштар. Бул чым бетти агайдан туристтер келип сатып алууну суранышканда агай сатпай койгон. Алар миллион сомго чейин сунушташкан. Бизде кыргыздарда баш кийимди ар кимге эле бере бербейт дешип саткан эмес.
Мурда бул экспонаттар ар жерде сакталды. Музей жоктугунан айылдагы эскирген имараттарда турган. Мында эң байыркы экспонаттар бар. А бул чым бет Кокон хандыгы учурундагы кийимдер менен сакталуу. Мында хандыктагы кызматкерлер кийген чапандар да бар. Белгилүү болгондой биздин Кара-Булак айылы тарыхка бай. Мыктынын Көрү тарыхый жайынан мумияланган сөөктөр, андан сырткары бир канча тарыхый буюмдар табылган», - деди Казакова.