Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка айылында жашаган 15 жаштагы Бегимай Бакирова ат чаап, улак тартат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде улак тартууга кантип кызыгып калганын айтып берди.
Бегимай Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында төрөлгөн. Учурда Сретенка жалпы билим берүү орто мектебинде 9-класста окуп жатат.
«Ат чабууга 3-классымдан баштап кызыгам, 6 жылдан бери үйрөнүп жүрдүм. Улак тартканды атам жана байкем үйрөттү. Улакты тартканыма жарым жыл болду. Жаңы улакка кызыгып баштаганда байкем улакка катышчу. Бул оюнга кызыксаң эч нерсеси деле оор болбойт. Өзүңө жакса болду.
Улак тартуу, ат чабуу мага аябай жаккан, спорттун башка түрүнө кызыга алган жокмун. Менин ойноп жатканымды көргөндөрдүн айрымдары «бул кыз турбайбы» десе, кээ бирөөлөр «азаматсың» дешет. Ал эми кээ бирөөлөр «сен деген кызсың, сенин ордуң үйдө» деп айтышат. Мен ал сөздөргө маани бербейм», - деди ал.
Бегимайдын айтымында, атасы улак тартышка кие турган кийим, өтүгүн алып берген.
«Базарларга ат көргөнү барганда көп адамдар таң калып, «кыз болуп алып аттан коркпойсуңбу?» деп сурашат. Коркпой турганымды айтсам, «сага мыкты аттардан бериш керек экен» деп калышат. Кызыгуумду байкаган атам менден сыйлык деп форма, өтүктөрүмдү алып бергени эсимде. Улак тарткандан сырткары тамак жасаганга кызыгам.
Атамдын аты Бактыбек 1979-жылы туулган, апам Нургүл, ал 1982-жылы төрөлгөн. Алты бир туугандын ортончусумун.
Улак тартууну улантууну максат кылып жатам. Бирок окууну бүткөндөн кийин ашпозчу болсом деген кыялым бар», - деди ал.