Turmush — Көптөн күткөн майрам босогодо турат, жакында жакындарыбызды жана досторубузду Жаңы жылы менен куттуктайбыз. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору ушул сыйкырдуу мезгилде сиз жакындарыңыз менен байланышта болууңуз үчүн кам көрдү. Жаңы жылды ишенимдүү тармак, жакшы бонустар жана жылуу каалоолор менен тосуп алыңыз!
Beeline өлкө боюнча тармактын сапатын жакшыртуу үчүн тынымсыз иштеп жатат. Узап бараткан жылы Компания Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүздөгөн базалык станцияларды орнотуп, модернизациялады. Бул иштин аркасында чалуулар дагы ишенимдүү, ал эми мобилдик интернет — тезирээк болуп калды. Beeline абоненттери каалаган убакта, анын ичинде Жаңы жыл түнү туруктуу байланыштан ырахат ала алышат.
«Beeline Кыргызстан командасынын атынан бардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! — деди Компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. — Бул майрам сүйүктүү адамдар менен убакыт өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эсибизге салат. Кайда болсоңуз дагы, жакындарыңыз менен байланышта болууга жардам берүү биздин милдет.
2025-жылы Beeline тармактын сапатын жакшыртуу, инновацияларды киргизүү жана сиз үчүн эң жакшы чечимдерди сунуштоо менен мыкты болууга умтулууну улантат. Келе жаткан жыл жетишкендиктерге жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө толот деп ишенебиз. Биз ар бир кыргызстандыкка бекем ден соолук, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Жаңы жылдык майрамыңыздар кут болсун!»
Албетте, белексиз Жаңы жыл болбойт да? Келе жаткан майрамдын урматына Beeline бардык абоненттерине 2 ГБ Интернет жана Beeline Россия, Beeline Казакстан номурларына чалуу үчүн 30 мүнөт белек кылат. Белек топтомдору 2024-жылдын 31-декабрына чейин туташуу үчүн жеткиликтүү. Аларды бир гана жолу активдештирүүгө болот, ал эми жарактуулук мөөнөтү активдештирилгенден тартып 24 саат.
Белектерди *2300# буйрутмасы аркылуу же «Мой Beeline» колдонмосунан кошуп алууга болот. Аралыктарга карабастан куттуктоолор жана жылуу сөздөрүңүз менен бөлүшүңүз.
Бул мүмкүн! Бул Beeline!