Turmush — Ош технологиялык университети Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу үчүн инженерлерди даярдайт.
Окуу жайдын маалыматына караганда, «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагында Кыргыз-Кытай инвестициялык Башкы соода палатасы, Шицзячжуан темир жол институту жана Шицзячжуан кесиптик-техникалык колледжи менен узак мөөнөткө пландаштырылган стратегиялык кызматташуунун алкагында Ош технологиялык университетинде Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолуна Кыргызстан жана Кытай тарабынан каржыланган ишканалар үчүн жергиликтүү жогорку квалификациялуу техникалык багыттагы инженерлерди даярдап берүү үчүн адистиктер ачылды.
Ошондой эле ОшТУнун окутуучулары жана студенттери тажрыйба алмашуу иш сапарларына чакырылып, лекциялар, окутуучуларды даярдоо, стажировка, илимий кызматташуу жана тажрыйба алмашуу сыяктуу иш-чараларга, атайын семинарларга катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатышат.
Эскерте кетсек, буга чейин ОшТУ «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу» долбоору үчүн темир жолдогу вагондорду тейлөө, компьютердик тиркемелер боюнча адистерди даярдоо, барабандын иштеши жана грануляциялык жабдуулардагы барабандын иштеши боюнча адистерди даярдоо боюнча келишимге кол койгон.
ОшТУ Кытай Эл Республикасы тарабынан таанылган, эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өткөн. Ал өлкөнүн жогорку окуу жайлары жана өндүрүштүк ишканалары менен терең кызматташып келет. Бул кызматташуулардын натыйжасында «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжи менен М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин энергетика жана транспорт институтуна 2 500 000 сомдук электр жабдуулары акысыз алынып келинди.
Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад облусунда Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Курулушту баштоо аземи Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында өттү.