Turmush — Ош мамлекеттик университети билим, илим, өндүрүш айкалышкан, эл аралык билим берүү мейкиндигине кучак жайган окуу жай. Жыл жаңырар алдында университет QS World University Rankings рейтингинде Азиядагы эң мыкты университеттердин катарына кирди. ОшМУнун тарыхында бул эң мыкты жыйынтык деп айтсак болот.
Turmush басылмасы жаңы жыл алдында ректор Кудайберди Кожобеков менен байланышып, университеттин 5 жыл ичиндеги жетишкендиктери, алдыдагы пландары боюнча ой бөлүштүк.
ОшМУ — өзгөчө макам алган окуу жай
Ушул жылы ОшМУнун 85 жылдык даңктуу мааракесин белгилеп, эл аралык деңгээлде дүйнөдөгү бардык өнөктөш университеттердин, бизнес тармагынын, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес форум өткөрдүк. Мааракени Ош шаарындагы чоң стадиондо Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыктадык. Биз ушул мааракебиз аркылуу буга чейин жасаган иштерибизди, келечекке койгон пландарыбызды айтып, көрсөтүп, коом алдында жүзүбүз жарык отчетубузду бере алдык. Учурда Ош мамлекеттик университети өзгөчө макамга ээ болгон университет катары билим, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, заманбап өндүрүштүк борборлорду ачып, окутуунун дуалдык системасын ишке ашырууда.
Өлкөдөгү 11 университеттердин катарында өзгөчө макам алган окуу жай. Бул макамга ылайык билим берүү программаларынын стандарттарын түзүүдөн баштап финансылык, административдик жактан да автономия берилди. Ошону менен бирге мамлекет тарабынан дүйнөлүк QS рейтингине миңдикке кирүү талабы коюлду. Бул багытта окуу жайда «Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн модели» стратегиялык программасы бекитилип, 7 багыттуу стратегиялык приоритеттер жол картасы иштелип чыккан. 2022-жылдан тартып жалпы жамаат стратегиялык программаны колго алып, жапа тырмак киришип иштеп баштадык. Мунун жемиши түрдүү рейтингдерден алган ийгиликтер менен өлчөнүп жатты.
Өнөктөш жогорку окуу жайлар менен биргелешкен кош дипломдуу билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашырып, QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ болуп, «төрт жылдыздуу университеттердин» катарын толуктадык.
Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлге чыгууга бел байлаган университетибиз эл аралык абройлуу QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду багындырып, Борбор Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулдук.
«IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) - 2024» эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээлөө менен Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүнө кирдик. Жалпы эмгек жамааттын биргелешкен аракети астында пайда болгон бул ийгиликтер «Ош мамлекеттик университети 4.0 муундагы университетке айлануу жолунда ишенимдүү баратат» деп айтууга толук негиз болуп бере алат.
Окуу жайдын учурдагы артыкчылыктуу багыты — коомдун муктаждыктарына байланыштуу билим берүү, окутуу, илимий-изилдөө жана ишкердикке инвестиция салуу, ошондой эле илимий долбоорлорду коммерциялаштырууну натыйжалуу ишке ашыруу болуп саналат.
Алмашуу программалары жемишин берүүдө
ОшМУ QS рейтингинин критерийлерине ылайык, университеттин дүйнөлүк академиялык чөйрөдөгү таанымдуулугун жогорулатуу максатында эл аралык илимий, академиялык жана Бириккен улуттар уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарына дал келген иш-чараларга активдүү катышууда.
Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университети дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү (Америка, Испания, Италия, Германия, Чехия, Польша, Кытай, Россия, Корея, Япония, Малайзия ж.б.) 325 окуу жай менен академиялык мобилдүүлүк, кош дипломдуулук билим берүү программалары, конок жана онлайн лекцияларды уюштуруу, биргелешкен эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу, илимий иштерди жүргүзүү жаатында эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин негизинде иш алып барууда.
Акыркы 5 жылда өнөктөш окуу жайлардан ОшМУга келген студенттер, окутуучулардын саны 1000ден ашса, ОшМУнун 1000ден ашуун студенти чет өлкөгө академиялык мобилдүүлүк программасы менен чыгып келди.
Соңку эки жылда университет кыргыз маданиятын жана тилин жайылтуу максатында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук жана А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университеттеринде маданий, билим берүүчүлүк борбор ачууга жетишти. Ошол эле учурда аталган окуу жайлардын «Казак тили жана маданияты», «Өзбек тили жана маданияты», Москва мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы борбору ОшМУда ачылып, үзүрлүү иштеп жатат.
Кош дипломдуу билим берүү ишке ашууда
2018-жылдан бери биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү иш-аракеттери активдүү жүрүп, учурда 32 адистик боюнча Орусия, Казакстандын жана Кытайдын университеттери менен келишимдерге кол коюлуп, окуу пландар иштелип чыкты. Учурда 22 адистик боюнча кош дипломдуулук программалары ишке ашууда. Белгород, Томск мамлекеттик, Россия элдердин достугу университети жана башка окуу жайларда аталган программалар боюнча 12 магистрант окуусун ийгиликтүү аяктап, кош дипломго ээ болушту.
Ал эми 2022-2023-жылдары филологиялык билим берүү, котормо таануу, лингвистика багыттары боюнча кош дипломдуулук программаларына тапшырган 16 студент жана 2 магистрант ОшМУда 2 жана 1 жылдык окуусун ийгиликтүү аяктап, сентябрь айында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине жиберилди. Учурда жүздөн ашуун студент биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программалары боюнча билим алууда.
2019-2020-окуу жылдарда чет өлкөлүк студенттердин саны 6153тү түзсө, 2024-2025-окуу жылында алардын саны 10 000ден ашты. Алардын көпчүлүгү өзбекстандык, индиялык, орусиялык студенттер. АКШ, Түркия, Индия, Пакистан, Корея, Япония, Кытай жана башка 10го жакын өлкөнүн 41 жараны ОшМУда окутуучулук кызматта эмгектенетип жатат.
Студенттерге көрүлгөн камкордук
Ар бир окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты окуган бүтүрүүчү курстун студенттеринин арасында президенттик стипендияга талапкерлер аныкталып келет. Беш жыл аралыгында ОшМУнун алдыңкы 20 студенти Кыргыз Республикасынын президентинин стипендиясынын ээси болушту.
Ал эми өлкөдөгү эң ири стипендиялардын бири болуп саналган ОшМУнун «Атуулдук стипендиясы» 5 жыл аралыгында 50 студентке тапшырылды. Стипендия ар жылы эң мыкты деп тандалып алынган 10 студенттин ар бирине 1200 АКШ доллары өлчөмүндө берилип келет.
«Окумуштуулар кеңешинин стипендианты» сынагынын жеңүүчү студенттерине бир жолу берилүүчү Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы беш жыл аралыгында 135 студентке ыйгарылды.
2023-2024-окуу жылында студенттер арасында стипендианын дагы бир түрү жобонун негизинде иштелип чыкты. AVN программасынын жардамы менен окуудагы эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон студенттер автоматтык түрдө аныкталып, «ОшМУнун топ – 20 студенти» деп аталган стипендияга ээ болот. Окуу жылынын жыйынтыгы менен 20 студентке 10 000 сомдон акчалай сыйлык жана белектер берилет.
Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлөт. Башка окуу жайлардан айырмаланып ОшМУда 1-курска кабыл алынган студенттер ОшМУнун медициналык клиникасынын акысыз кароодон өтүшөт.
Жаңыланган инфраструктура — заманбап шарттар
Окуу жайда студенттерге заман талабына ылайык билим берүү жана окутуучулардын эмгектенүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу негизги талаптардын бири.
Акыркы 5 жылда ОшМУда жыйырмадан ашуун окуу корпустар, жатаканалар, башка курулуштар заман талабына ылайык курулуп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 3 кабаттуу окуу корпусу, Медицина факультетинин эки кабаттуу «Димедиус» көп тармактуу виртуалдык клиникасы жана 2 кабаттуу морфологиялык окуу-лабораториялык корпусу, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин 5 кабаттуу окуу имараты, «Билим» лицейинин 4 кабаттуу окуу имараты, «Ак-Буура» кампусундагы 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусу, Искусство факультетине кошумча окуу имараты, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык клиникасы менен окуу корпусу, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» борбору, Финансы-юридикалык колледжинин спорт комплекси, Ысык-Көлдөгү «Үмүт» пансионаты, «Ак-Буура» кампусундагы унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди.
Учурда №12 лицейдин базасында 2 кабаттуу окуу-өндүрүштүк устаканын, Ош шаарынын эски ооруканасынын ордуна 7 кабаттуу ОшМУнун медициналык клиникасын курулуш иштери жүрүп жатат.
Ал эми «Ыйман» гимназиясынын окуу имараты жана 100 орундуу балдар бакчасы жакынкы күндөрү ачылуу алдында турат.
Ошондой эле окуу имараттар, жатаканалар, концерттик залдар, спорт аянтчалар оңдоп-түзөөдөн өттү. Аны менен катар борбордук китепкананын, «Келечек муундун ХАБы» борборунун чатырына күндөн энергия алуучу 190 кВт өлчөмдөгү панелдер орнотулду. Өнөктөштүк каржылоонун алкагында Ош мамлекеттик университети менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте түптөп жаткан телестудия пайдаланууга берилүү алдында турат.
Алдыда 9 кабаттуу студенттик жатакана, №1, №2, №3 жатаканаларынын аймагына жабык типтеги спорт комплекси, окуу-методикалык ветеринардык лабораториясынын, №2, №3 окуу корпустардын аймагына жер астындагы автоунаа коюуучу жай жана анын үстүнө спорттук аянтчанын, 6 кабаттуу IT парктын курулушу планга киргизилди.
Илим — өнүгүүгө өбөлгө
ОшМУ илимий даражалуу окутуучулардын саны боюнча эң чоң окуу жайлардын катарына кирет. Өлкө боюнча илимдин кандидаттарынын жана докторлорунун жалпы санынын 10%дан ашыгы ОшМУда эмгектенишет.
2019-жылы илимдин кандитаттарынын (+PhD) саны 423 болсо, 2024-жылы 511ге жетти. Ал эми доктордук даражасын коргогон илимпоздордун саны 2019-жылы 64 болсо, 2024-жылы 171ге жогорулады.
Scopus базасында индекстелген илимий эмгектердин саны 2019-жылдан 2024-жылга чейин 5 эсеге өсүп, учурда 443 макалага жетти. ОшМУнун окумуштууларынын жарыкка чыккан илимий макалаларынын саны боюнча өлкөдө 4-орунда турат. ОшМУнун SCOPUSтагы илимий эмгектерине жасалган цитирлөө 2019-жылдан 2024-жылга чейин 5 эсеге өстү.
Бүгүнкү күндө «Ош мамлекеттик университетинин жарчысы» журналына 12 балл берилет. Журналдын беш жылдык импакт-фактору 0,036дан 0.175ке көбөйгөн. Ушул көрсөткүчтүн негизинде 2024-жылдын аягында УАКтын тизмесинде журналдын баллы жогорулайт.
Билим берүүдөн өндүрүшкө
4-муундагы университет өзүнүн жайгашкан аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түз таасир этүүсү абзел. Бүгүнкү күндө окуу жайда ЖОЖ-илим-өндүрүш-коммерциализация коллаборациясы ийгиликтүү ишке ашууда.
Билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш жана коммерцияланыштыруу системасын ийгиликтүү ишке ашырып, илимий изилдөөлөрдү шаар, регион жана өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоодо. Акыркы беш жылдын ичинде ОшМУда жалпы суммасы 197 млн сомдук биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды.
Окуу жайдын 85 жылдык мааракесин утурлай Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте «Келечек муундун ХАБы» робототехника борбору ачылды. Бул Борбор Азиядагы жана Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүндөгү биринчи жана жалгыз лабораториялык борбор болуп саналат. Учурда робототехника боюнча адистерди даярдоо башталды. Борбордун базасында ОшМУнун математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту кытай университеттери менен биргеликте студенттерди мехатроника жана робототехника адистиги боюнча билим бере баштады. «Келечек муундун ХАБы» акырындап жасалма интеллект, робототехника жана маалыматтык технологиялар боюнча борбор болот. Бул жай теория менен практиканын биригүүсүнө, мугалимдер, эксперттер, инженерлер жана бизнесмендердин жолугушуусуна, студенттер үчүн билим булагына айланат.
Ошондой эле, экологиялык тармакта «Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар» аттуу консалтинг борбору активдүү иш алып барууда. Өзгөн райондук администрациясынын жана Жалпак-Таш айыл чарба башкармалыгынын жардамы менен 300 гектар аянттагы жер көчкү аймагында «Курбу-Таш токою» деп аталган илимий-өндүрүштүк долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоордун алкагында 30 миңден ашык дарак отургузулду, жакын арада бетон конструкциялар жана металл торлор чыгаруучу цех ачуу, асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча биотехнологиялык борбор куруу пландалууда.
Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ОшМУнун бизнес паркы да жаштарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтүүдө. Учурда жалпы суммасы 13 млн сомдон ашкан инвестициялар менен 49 стартап иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө Евробиримдиктин «Жаш табышкер» долбоорунун алкагында Enactus уюмунун гранттык колдоосу менен айыл чарбасынын ар кандай тармактарында 1 778 000 сомдук 11 долбоор иштеп жатат.
Ош облусунун, Ош шаарынын социалдык, инфраструктуралык, экологиялык, экономикалык реалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө арналган дагы бир долбоор катары 2023-жылы ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун базасында окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиника ачылды. Ал ветеринардык кызматтардын бардык түрлөрүн — УЗИ жана лабораториялык изилдөөлөрдү, хирургиялык операцияларды, жаныбарларды эмдөө жана малды жасалма уруктандыруу иштерин камтыйт. Ошондой эле, жаныбарлардын генетикалык фондун сактоо, эт жана сүт азыктарын жана жаныбарлар сырьесун изилдөө боюнча АКШнын 100 миң долларлык долбоору негизинде молекулярдык биотехнология илимий борбору түзүлгөн. Алдыда мал чарбачылыгы боюнча биотехнологиялык борбор ачуу — асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча кичи станция куруу пландаштырылууда.
Абанын булганышын изилдөө багытында ОшМУ менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык, Илим жана технология агенттиктери, «ТЕКИЗАИТЕКИШ» ЖЧКсы, Токио медициналык жана стоматологиялык университети «Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү» долбоорунда биргелешип кызматташууда.
Долбоордун алкагында абанын булганышын өлчөөчү приборлор сатып алынат. Бул техникалар Ош, Бишкек шаарларына жана башка аймактарга орнотулат. Андан соң абанын булганышына мониторинг жүргүзүп жаткан улуттук системага киргизилет. Долбоордун эсебинен ОшМУда абанын булганышын изилдөөчү жаңы илимий борбор (IRCAPS) түзүлөт. Аны Жапония тарап каржылап, керектүү каражаттар менен камсыздап берет. Борбордо булганган абанын ден соолукка зыяндуулугу изилденет. Мындан тышкары ОшМУда Дата борбор курулуп, маалыматтык база топтолот.
Таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү станция куруу максатында ОшМУ кытайлык Xiamen Jinming Energy Conservation Technology Co., Ltd. компаниясы менен таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция куруу боюнча долбоордун алкагында кызматташууда. Бул станция Кара-Суу районунда курулуп, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу жана энергия менен камсыздоону жакшыртууну максат кылат. Долбоордун изилдөө иштери 2023-2024-жылдар аралыгында жүргүзүлүп, жалпы наркы 40 миллион долларды түзөт. Станциянын курулушу болжолдуу эки жарым жылга созулат жана толук кандуу ишке киргенден кийин саатына 6000 киловатт электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Бул экологиялык жактан алдыңкы долбоор катары Кара-Суу району гана эмес, Ош шаары, Өзгөн, Ноокат, Араван райондору үчүн да таштанды маселесин чечүүгө өбөлгө түзмөкчү.
ОшМУнун медициналык клиникасы
Университеттин медициналык клиникасы да билим берүү, илимий изилдөөлөр, практикалык база жана медициналык кызмат көрсөтүү сыяктуу акыркы продуктуларды коммерциялаштыруунун интеграциясын сунуштайт. Клиника ачылгандан тарта амбулатордук-диагностикалык бөлүм, терапия, стоматология, реанимация, хирургия, жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана ички органдарды трансплантациялоо бөлүмдөрү ачылып, кызмат көрсөтүүдө. Учурда операциялардын бардык түрү жасалууда.
«Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында ай сайын клиниканын дарыгерлери жана дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун ординаторлору миңге жакын айыл жергесинин жашоочуларын медициналык кароодон акысыз өткөрүп турушат.
Президенттин жарлыгынын негизинде Ош шаарындагы оорукананын эски имаратынын ордуна ОшМУнун жаңы 7 кабаттуу заманбап медициналык клиника курулуп жатат. Медициналык клиниканын аянты 20 000 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 312 орундукка ылайыкташып, лаборатория, күндүзгү стационар каралган. Клиникада 4 операциялык бөлүм, 300 орундуу лекциялык зал, 12 окуу кааналары жайгашат.
Клиниканын ачылышы студенттерди окутуп, жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоо менен түштүктөгү боор, бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптарга заманбап медицина кызматын көрсөтүүгө ылайыкташтырууда. Учурда курулуш иштерини дээрлик тең жарымынан көбү аяктады. 2025-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Маалыматтык-коммуникациялык инфраструктура
Университетте бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырылууда. Абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс санариптештирилген.
Университеттин административдик-чарбалык башкаруу, уюштуруу процесстери, билим берүү жана илимий ишмердүүлүк, маалыматтык коштоо, коммуникация тармактарындагы университеттин процесстеринин көпчүлүк бөлүгүн камтыган маалыматтык тутумдар, сервистер түзүлгөн жана ишке киргизилген.
Университет мындай санариптик платформаларды онлайн кабыл алуу, электрондук журнал, электрондук китепкана, электрондук окуу программасы жана силлабус, электрондук архив, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн-шайлоо системасы, «ОшМУ абитуриент», «ОшМУ окутуучу», «ОшМУ студент» тиркемелер жана 40тан ашуун универсиеттин институт, факультет, колледж, мектеп-гимназияларынын, структуралык түзүмдөрдүн сайты иштелип чыкты.
Бул программалар университеттин программисттери тарабынан түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жана инновацияларынын сертификациялоодон өткөн.
Өзгөчө макамдын алкагында окуу жайда «Окуу процессин уюштуруу» жөнүндө бир катар жоболор иштелип чыгып, бекитилди. 2024-2025-окуу жылынан тартып агымдык мамиле менен кредиттик технологиянын принциптерине ылайык уюштурула баштады. Студенттин окуусу анын семестрге катталуусу, окуу дисциплиналарга жазылуусу менен тандаган жекече окуу планына ылайык жүргүзүлүүдө.
Окуу процессинин уюштурулушу жана жүргүзүлүшү академиялык эркиндиктин принциптерине жана окутуунун кредиттик технологияларына негизделип MyEDU окуу процессин башкаруу платформасы иштелип чыкты. Аталган платформанын жардамында студент семестрге катталуу, каалаган дисциплиналарга жазылуу, окуу убактысын пландаштыруу аркылуу жекече окуу траекториясын аныктай алат.
Автоматташтырылган электрондук журналдар мугалимдерге студенттердин жетишкендиктерин так жана ырааттуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул система студенттердин сабактарга катышуусун, тапшырмаларын жана экзамен жыйынтыктарын сактоону автоматташтырат.
Ош мамлекеттик университинин жалпы платформалары 2026-жылга чейин «Электрондук кампус» тутумуна биригип, маалыматтардын автоматташтырылган корпоротивдик экосистемасы түзүлөт.
Биздин алдыбызга койгон негизги максатыбыз — дүйнөлүк рейтингдеги университеттердин тобуна кирүү жана өлкөнүн билим берүү, илим изилдөө жаатында өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Учурда бул аракеттерибизге күн сайын жакындап баратабыз. Ал үчүн жалпы жамаат менен бир жеңден кол, бир жакажан баш болуп иштөөнү уланта беребиз!
Жаңырган 2025-жаңы жыл элибизге ырыскы-дөөлөттү, ынтымак-ырашкерликти, бакубат жашоону алып келсин. Жаңы жылда Жараткан ар бириңиздерге дем-күч, шыктануу, чыгармачылык эргүү берсин. Ооматтуу окуу жайыбызда ар бир жамааттын мүчөсүн кубандырган жаңылыктар арбын болсун!
ОшМУ — биз менен дүйнөнүн эшигин ач!