Turmush — Beeline Келечек стажировкаларынын программалары ишмердүүлүгүн жаңы баштап жаткан адистерди швктандырууну жана колдоону улантууда. Аталышы «Келечек» өзү эле айтып турат. Бул сөз Beeline миссиясын эң сонун чагылдырып турат: «Байланышты жашообуздун бир бөлүгү кылуу менен биз кыргызстандыктарга маалымат алууга, баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп, өлкөнү жана коомду өнүктүрүү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү беребиз».
Программа ишке киргизилгенден бери баа жеткис тажрыйбага ээ болбостон, ошондой эле Beeline командасынын бир бөлүгү болгон көптөгөн катышуучулар үчүн трамплин болуп калды. Таланттарга ийгиликтүү карьера жасоого алгачкы кадам таштоосуна жардам берип, Beeline Келечек алардын кыялындагы жумушун табууга колдоо көрсөтүп, алардын профессионалдык өсүшүнө салым кошуп келет.
«Келечек» чек арасын кеңейтет
2024-жылдын 6-декабрында Beeline Келечек түштүк аймактын таланттары үчүн маанилүү кадам жасады, ал Ош шаарында биринчи жолу бош орундар (вакансиялар) жармаңкесин өткөрдү!
Жарманке Enactus Кыргызстан жаштар уюму жана Ош Мамлекеттик университетинин колдоосу менен өткөрүлдү. Ага «Элдик Банк», «Айыл Банк», «ECOAUTOKG», «Алай-Куу», «Элет-Капитал», «Нурзаман» сыяктуу өнөктөштөр кошулду.
Бул окуя Beeline Келечектин тарыхындагы жаңы баракча болуп калды. Кыргызстандын аймактарында таланттуу жана мотивациялуу жаштар көп жана стажировка программасы алардын потенциалын ишке ашырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачат..
Жаркын келечекке багыт
Ош Кыргызстандын маданий-тарыхый борбору гана эмес, эбегейсиз потенциалы бар шаар. Жергиликтүү жаштарды кесипкөй өсүү куралдары менен камсыз кылуу менен Beeline аймактын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга умтулат.
Beeline Келечек — бул жөн гана стажировка программасы эмес. Бул жаңы горизонтторду ачкан, колдоочу жана түрткү берүүчү кыймыл. Оштогу иш-чара — бул жаркын жеңиштерге жана эрдиктерге толгон чоң саякаттын башталышы гана!
Алга, Beeline Келечек менен келечекке!