Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айыл аймагындагы бир нече айылдардын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Жер-топурак жумуштарына жана ички көпүрөлөрдү оӊдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүндү.
Айыл өкмөт башчысы Максат Бакасовдун айтымында, 2024-жылдын эсебине айыл аймак боюнча жалпы узундугу 38 чакырым аянттагы ички жолдорго, шагыл төгүү жумушу пландалган. Учурда Ой-Тал, Ой-Булак, Күрмөнтү айылынын ички көчөлөрү түздөлүп, оор техникалар тартылган.
«Быйыл бир нече элеттеги ички жолдорду тегиздеп, жашоочулар менен жүргүнчүлөргө шарт түзүү иш-мерчемин бекиткен элек. Анын алкагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүштүрдүк. Оӊдоп-түзөөнүн жүрүшүндө эӊ чоӊ жумуш Күрмөнтү айылында жүзөгө ашып жатат. Тактап айтканда, бул айылдын жолуна шагыл төгүп оӊдоо быйылкы жылдын планына кирген эмес. Ал арада элеттик жашоочулар демилге көтөрүп, күйүүчү майдын чыгымдарына салым кошсо, айыл өкмөтү оор техникаларды камсыздады. Экскаватор, "Howo" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага кошумча АРИС уюму дагы эки оор техника менен көмөк көрсөттү. Учурда ички жолдорду тегиздөө жумуштары уланууда», - дейт М.Бакасов.
Муну менен катар ушул эле Ой-Тал, Ой-Булак, Кичи-Ѳрүктү, Фрунзе жана Ак-Булак айылынындагы ички көпүрөлөр жасалууда. «Балбай өнүгүү» муниципалдык ишкананын жетекчиси Темирбек Исмаилбековдун айтымында, жергиликтүү тургундар үчүн эӊ кооптуу маселе жараткан көпүрөлөр алгачкы жолу колго алынып жатат.
«Жогоруда белгилеп өткөн айылдардын ичинде ички арык көпүрөлөргө шакекче коюлуп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жол бир нукка келтирилүүдө. Мындан сырткары, Ак-Булак айылындагы унаа өтө тургандай чоӊ көпүрө оӊдоого план бекитилген. Маселен, бул айылдын жогору жагында орун алган эски көпүрө кышкысын муз тоӊуп, жашоочулар үчүн эӊ чоӊ көйгөй жаратып келген. Бүгүнкү күндө "Насип строй" жана "Кожомкул ата" подрядчы компания тендер утуп, оӊдоо жумуштарын толугу менен аткарууда», - дейт Т.Исмаилбеков.