Turmush — Баткен облусунун Чоң-Кара айылынын тургуну Галина Марипова Баткенге тажрыйба (практика) алуу үчүн келип, баткендик жигитке турмушка чыккан. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Галина Марипова баткендик Калмат Мариповго турмушка чыгып, азыркы убакта 2 уул, 2 кыз, 16 неберенин чоң апасы болду. Учурда 59 жашта.
«Өмүрүмдүн көп бөлүгүн мына ушул айылда өткөрдүм. Өзүм Бишкек шаарынан болом. Ата-энем да орус улутунда. 4 бир тууганбыз. И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин окуп, Баткендин Төрт-Гүл савхозуна агроном болуп, практикага келгем. Бул жактан жолдошум менен таанышып, 19 жашымда турмуш курдук.
Практикага келген жерде 2 кыз бар болчу. Алар жолдошумдун классташ кыздары эле. Ошолор тааныштырып, себепчи болушкан. Ошону менен мен бул жакта келин болуп калдым», - дейт ал.
Галина айым келин болуп келгенде кыйналган эмес.
«Мал жандыкка жакын болгонум үчүн кыйынчылык болбоду. Биздин 5 уй, 100 үндүк, өрдөк, тооктор бар болчу. Уйду саап, нанды жаап айылдын турмушуна оңой эле көнүп кеттим. Кайын ата, кайын энемдер жакшы кабыл алышты. Кийин эгиз кыздуу, 2 уулдуу болдум. Келин алып, кыз берип, куда күттүм. Бул жактын салт-санааларын жакшы билем жана карманам. Азыр небере жетелеп калдым.
Азыркы учурда, айылда электр тармагында тескөөчү болуп иштейм. Келин болуп келгенден кийин анан кыргызча үйрөндүм, болгондо да “баткенче”. Эл менен иштешкендиктен кыргызча таза, негизи эл менен тил табышып иштеш керек», - дейт Галина Марипова.