Turmush — Түп району менен коӊшу Казакстанды бириктирген Түп—Кеген эл аралык жолунун капиталдык курулушу 90 пайызга бүткөрүлүп, асфальт басылды.
Долбоорго ылайык, эл аралык маанидеги жолдун сыйымдуулугу 3-категориядагы эки тилкеден туруп, 11,5 тоннага чейин жүк ташып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Коӊшу өлкө менен соода-сатык жүргүзүп келген Түп—Кеген жолу советтер союзунун мезгилинен кийин бир да жолу оӊдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Жүргүнчүлөр менен Каркыра жайлоосуна каттаган малчыларга ыӊгайсыздык жараткан көйгөй артта калып, көздөгөн дарекке тез арада жетүүгө шарт түзүлгөнүн жергиликтүү тургундар билдиришти.
«Жол көйгөйү эӊ чоӊ маселенин бири болчу. Себеби Каркыра жайлоосунда туруктуу жашаган тургундар район борборуна же Түптүн четки айылдарына каттоо үчүн 2 сааттан ашык жол жүрүүгө туура келчү. Жол азабы демекчи, капиталдык курулушка чейин жол шиферден мурун аӊ-чөнөгү көбөйүп унааны талкалачу эле. Быйылкы жылдан баштап жайлоодон Сан-Ташка чейин 20 мүнөттө эле жетип алабыз Ал гана эмес алыскы жайыттарга көчүп келген малчыларга да оӊой болду. Анткени жолдун курулушу менен көпүрөлөрдүн коопсуздугу да чечилип, айылда жакшы жылыштар бар», - дешет айыл тугундары.
«China Poad and Bridge Corporation» подрядчы компаниясы 2024-жылдын эсебине Түп—Кеген жолунун 39-76-чакырымына чейинки аралыктын 28 чакырымна асфальт жаткырды. Ошондой эле, 2-лотко кирген Каркыра, Чар-Кудук жайлоосуна чейинки 13 чакырымды толугу менен асфальттап, калктуу конуштарга эки тараптуу тротуар, аялдама, унаа токтотуучу жайды камтуу менен жол белгилерин орнотту. Ал арада жол чийиндер сызылып, келерки жылы аткарыла турган жумуштун аз бөлүгү калганын эл аралык компаниянын көзөмөл жүргүзүүчү өкүлү Султан Сарыбагышов белгиледи.
«2025-жылы эл аралык жолдун 9 чакырымы асфальтталат. Муну менен катар жол чийиндер чийилип, коопсуздук белгилер, жарыктандыруу тутуму орнотулат. Быйыл аталган 9 чакырым аралыктын топурак, шагыл жумуштары толугу менен аяктоого үлгүрдүк. Ал эми Сары-Жаз жайлоосуна кетчү Чар-Кудук, Каркыранын ички жолдорунун курулушу толук бүттү. Келерки жылы күн жылыган мезгилден тарта жарыктандыруу орнотобуз жана Түп—Кеген жолунун курулушу жанданат», - деди С.Сарыбагышов.
Түп—Кеген эл аралык маанидеги жолдун курулушуна кошумча калктуу конуш жайгашкан 10 чакырым аралыкка асфальт жаткыруу мерчемделген. 2024-жылы Чар-Кудук жайлоосуна кетчү жол толугу менен оӊдолуп, ички жана сырттан келген туристтердин каттамынын көбөйүүсүнө шарт түзгөнүн Каркыра айыл өкмөт башчысы Рустам Черикбаев маалымдады.
«Түп—Кеген жолунун долбоорунда жүгүнчүлөргө шарт түзүү максатында өтө чоӊ көпүрөлөр салынды. Калктуу конуштарда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, аялдама, унаа токтоочу орундар жүзөгө ашырылды. Албетте, келерки жылы жарыктандыруу кирсе, жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген туристтерге да ыӊгайлуу болуп, чек арага чектеш айылдын экономикалык деӊгээли жогорулайт. Быйылкы жылы жолдун түз, тегиз болуусу алыскы жана жакынкы аймактардан эс алуучулар көп санда келгени байкалды», - деди Р.Черикбаев.
Түп—Кеген унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки жол тилкени реконструкциялоо дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2023-жылы башталган. Ал эми капиталдык курулуштун мөөнөтү 2025-жылы июль айында аяктап, эксплуатацияга берилет.