Turmush — Ош технологиялык университетинде «Известия ОшТУ» илимий журналынын жаңыланган электрондук версиясынын бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу 10-ноябрь — Эл аралык илим күнүнө арналган салтанаттуу аземде айтылды.
ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору Нурланбек Танаков: «Кыргызстандын түштүгүндөгү техникалык багыттагы жалгыз уникалдуу окуу жай катары биздин окуу жай — Ош технологиялык университети да бир топ жакшы иштердин үстүндө. Бир жыл аралыгында 5 окумуштуунун патенти республикалык маанилүү деп табылып, министрлик тарабынан каржыланууда. SCOPS басылмасына жолдомо алып, илимий иштерибизге талап пайда болду», - деп белгиледи.
Бул журнал технология багытына арналган өзгөчө басылма боло алат. Анткени эми журналдын өзүнүн сайты, DOI 10.70337 префикси берилди. Баллдык көрсөткүчү жогорулап, ар бир макала өзүнчө жайгаштырылып, шилтеме берүүгө шарт түзүлөт.
Салтанатты ректор Жанболот Турсунбаев ачып, илимий иштери, ачылыш, долбоор, патенттери менен ийгилик жараткан кызматкерлерди сыйлады. Кандидаттык ишин коргогондор 45 миң сом, докторлук ишин коргогон кызматкерлер 85 миң сом сый акы менен сыйланышты.