Turmush — Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу тоо этегинде Шамшы айылында жашаган Эркин Искендер уулу бала кезинен кыргыз тайганына кызыгып, багып келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде тайган багуу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз 1992-жылы Кочкор районунун Шамшы айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.
«Атам-апам менен чогуу жашайбыз. Шамшы айылыбыз Кочкор районунун тоолорунда жайгашкан. Андыктан биз мергенчиликке, мал-жандык бакканда ит ээрчитип, ит бакканыбыз максатка ыңгайлуу. Анан да жөн ит эмес, акылдуу, алгыр, таза кандуу ит багышыбыз керек. Мындай талаптарга албетте кыргыз тайганы туура келет.
Кыргыз тайганды окуучулук кезден бери багам. Алгач 4-класс кезимде абдан кызыгуумду арттырган окуяга туш болдум. Атамдын Кожожаш деген өкүл баласы бар. Өкүл баласын ээрчип, аң уулоого чыктым. Бизде кышында кар жаабайт, жердин баары кара болот. Андыктан карышкырга тузак, капкан, сүйрөтмө гана салабыз. Сүйрөтмө капкандарыбыздын бирине карышкыр түшүп калып, бирок капкан менен кошо качыптыр. Сүйрөлгөн капкандын изи менен кубалап жөнөдүк. Бир маалда тоо этекте, бөксө адырда качып баратканын көрдүк. Тайгандар бизден мурун көрүп, чуркап жөнөгөн. Алардын кеткен багыты менен карап, анан тоо этекте карышкыр кетип бара жатканын көрдүк. Биринчи эркек тайган жетип барып тиштеди. Бирок карышкыр баары бир күчтүүрөк болот экен. Эркек тайганды бир тиштеп ыргытты. Ошол көрүнүш азыр да көз алдымда. Тайган 2 метр алыстыкка учуп барып түштү. Артынан ургаачы тайган жетип келип, карышкырга асылды. Андан кийин эркек тайган ордунан тура калып, ал бир жагынан талап, акыры карышкырды жеңип, алып түшүшкөн. 10 жаштагы мен үчүн ал көрүнүш унутулугус болду. Кыргыз тайганын багууга ошондо кызыгуум пайда болгон», - деди ал.
Эркин Искендер уулунун айтымында, учурда эки дөбөт жана эки күчүк тайганы бар. Ал тайгандарын ар кандай фестиваль, көргөзмөлөргө, сынактарга катыштырып, байгелүү орундарды алып жүрөт.
«Тайгандарым карышкыр менен кармашуу боюнча сынктарда жеңишке жетип жүрүшөт. Анан да аң улоого абдан жакшы жардам беришет. Ар бир тайган ар кандай болот. Бири аябай көрөгөч, бири аябай жүрөктүү, курч. Кыргыз тайгандарына баа берүү өтө кыйын. Ар бири өзүнүн уникалдуу жактары менен өзгөчө. Жакшы тайгандар 80-100 миң сомго чейин сатылып жүргөндөрүн көрүп, угуп жүрөм. Менин тайгандарымды 40 миң сомго чейин сурашкан. Бирок саткан жокмун», - деди ал.
Ал жакшы тайган көрүп калса сатып аларын айтат.
«Айылда жаш балдар бир жерден жакшы тайган көрүп калып, кызыгып сурап келсе, сатып келип берип коем. Бул кыргыз тайгандар жана тайган багуу өнөрү өнүксө деген тилек. Мыкты-мыкты тайгандарды кошуп, жакшы селекцияны жолго койсок деген тилектерим бар», - деди каарманыбыз.