Turmush — Ош технологиялык университетинде Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, гуманитардык-технологиялык колледжинин техника жана технология бөлүмүнүн автоунаа предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулду. Мелдешке 10 команда катышты.
Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ЭТЭиА-1-24(11) тайпасы, 2-орунду ЭТЭиА-23(9) тайпасы, ал эми 3-орунду ТОиРАТ-2-24(9) тайпасы алды. Жеңүүчү командалар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин техника жана технология бөлүмүнүн автоунаа предметтик-циклдик бирикмесинин башчысы Абдиматов Улан Исаевич Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланды.