Turmush — Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында бир күндө үйү күйгөн 2 үй-бүлөгө турак жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына калаа башчысы Сыргак Замирбек уулу билдирди.
Анын айтымында, тилсиз жоок 20-октябрда орун алып, үйлөр жашоого жараксыз болуп калган.
«Ушул жылдын 20-октябрь күнү калаадагы турак үйлөрдүн биринен электр зымдарынын кыска туташуусунан улам өрт чыгып, ал кошунасынын үйүнө өтүп, эки үйдү тең толугу менен өрт жалмаган. Бул турак үйлөр 1970-жылдары фин тибинде курулган. Алардын биринде 3 баласы менен бир үй-бүлө, экинчисинде 5 баласы менен жалгыз бой ата жашачу. Алардын кыштын күнү көчөдө башпаакнексиз калганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактардан көрүп, ал кишинин тапшырмасына ылайык бүгүн курулуш иштери башталды. Кырсык орун алган күнү бул эки үй-бүлөнү мэриянын кызматтык үйлөрүнө көчүрүп, алардын балдарына кышкы кийимдерди сатып бердик. Турак жайдардын курулушун май айына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз», - дейт калаа башчысы.
Көк-Жаңгак шаарында 12 миңден ашык калк жашайт.