Turmush — Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган биринчи курстар аралык спартакиада өткөрүлүп жатат.
Окуу жайдын маалыматына караганда, бул спорттук иш-чарада студенттер спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн күч сынашууда. Жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдештин негизги максаты жаштарды дени сак жашоого үндөө, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жана университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандап алуу болуп эсептелет.
Мелдешке университеттин дене тарбия кафедрасынын жалпы жамааты калыстык кылып жатышат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.