Turmush — Кечээ, 30-октябрь күнү Ош облусунда 9 айдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өткөн.
Анда президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев саламаттыкты сактоо мекемелерине да токтолуп, дарыгерлдердин жетишсиздиги, балдардын өлүмү боюнча айткан.
1 жашка чейинки балдардын өлүмү боюнча Алай району менен Ноокат районунда көп катталганын билдирген.
Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Дайыр Адыров Алай районунда балдардын өлүмү азайганын айтып, Курбанбек Айтибаевдин сөзүн төгүндөдү.
«Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборунда 2024-жылдын 9 айында 459 төрөт катталды. 1 жашка чейинки 5 баланын мерт болуусу катталып, 10,8 пайызды түзсө, ал эми 2023-жылдын 9 айында 490 төрөт болуп, 7 баланын мерт болуусу катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу азайган.
Алайда балдарды коргоо боюнча райондо 4 педиатр, 1 координатор, 2 неонатолог дарыгер иштеп жатат», - деди ал.