Turmush — Бүгүн, 31-октябрда Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы унаа кырсыктан 1 адам мерт болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен—Боз-Адыр жолунда түшкө жакын катталган. «Мицубиси Спэйс Стар» үлгүсүндөгү жеңил унаа кырсыкка учурап, 62 жаштагы айдоочу унаанын астында калып, каза болгон. Ары бери өткөн жолоочулар анын денесин унаанын астынан чыгарып алышкан.
Сезимталдарга көргөнгө болбойт
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.