Turmush — С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети бош (ваканттык) орундарга конкурс жарыялады.
Алар:
1. Медициналык факультеттин деканы;
2. «Дарылоо иши» адистиги кафедрасынын башчысы;
3. Методист.
Квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобонун» 12-пунктуна ылайык, факультеттин деканынын кызмат ордуна өткөрүлүүчү шайлоого тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы бар адистер катыша алат;
- орус жана англис тилдерин эркин билүү.
Шайлоого катышууга арыз жана тиешелүү документтер жарыя чыккан күндөн баштап бир айдын ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Нарын шаары, С. Орозбаков көчөсү, 25, АРБжУКК бөлүмү, тел: 0709797976
Шайлоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- ректордун наамына жазылган арыз;
- адистерди каттоо боюнча толтурулган баракча сүрөтү менен;
- резюме, мүнөздөмө, мурдагы иштеген жеринен жолдомо;
- белгиленген форма боюнча жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;
- жогорку билими, окумуштуулук наамы жана даражасы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, сыйлыктарынын жана эмгек китепчесинин нотариустан же иштеген мекемесинин кадрлар бөлүмүнөн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Методист кызматына квалификациялык талаптар:
- 35-жашка чейин;
- жогорку же орто медициналык билими бар;
- компьютердин колдонмо программаларын жогорку деңгээлде билүү (Word, Excel ж.б.);
- кыргыз, орус жана англис тилдерин (жазуу жана оозеки) эркин билүү.
С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин конкурстук комиссиясы