Turmush — Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында С.Ибраимов жана Жантаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн сыртында ак илбирстин сүрөтү пайда болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, бул жумуш шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан каржыланып, шаардын дизайнын жөнгө салуучу долбоорго ылайык жүргүзүлдү. Жакынкы арада дагы бир имараттын фасадын жасоо иши пландалууда.
Мэрия имараттардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу иштери улана турганын кошумчалады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.