Turmush — Ош технологиялык университети менен Автономдуу коммерциялык эмес уюму илимий коммуникациялар институту илимий-изилдөө жана билим берүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
ОшТУнун маалыматы боюнча, келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.
Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.