Turmush — Жайнаков Руслан Мажитович Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү педагогикалык колледжинин директору болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка университеттин ректору кол койду. Руслан Жайнаков буга чейин Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген.
Ал эми аталган колледждин буга чейинки директору Атабаева Орозгүл 2024-жылдын 25-мартында өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.