Turmush — Ноокен районунда административдик-аймактык реформадан кийин жаңыдан 3 айыл өкмөт түзүлүп, Момбеков өзгөрүүсүз калды.
Маалым болгондой, район тибинде Шамалды-Сай шаары пайда болду. Райондо 4 айыл өкмөт, 2 шаар болуп калды.
Арал, Шайдан жана Масы айыл аймактары бириктирилип, Дооронбек Садырбаев айыл аймагы түзүлүп, Бекибаев Алтынбек Равшанбекович башчы болуп дайындалды.
- А.Бекибаев 2013-жылдан ноябрь айынан тарта Достук айыл өкмөтүндө иштеп баштаган. Буга чейин финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айылдык кеңеште депутат, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысынын орун басары кызматтарында иштеген. 2022-жылдын март айынан бери Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген болчу.
Сакалды, Ноокен айыл аймактары бириктирилип түзүлгөн Эргеш Алиев айыл аймагына Шергазы Алыкулов башчы болуп дайындалды. Ал 2023-жылдын август айынан тартып 2024-жылдын март айына чейин Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Шергазы Алыкулов
Бүргөндү-Достук айыл аймагын Болот Календеров жетектеди.
- Шамалды-Сай шаарынын мэри болуп Мирбек Тотонов дайындалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.