Turmush — Жакшылык уулу Ильичбек Ак-Талаа райондук Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейдин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кесиптик лицейге жарым жылдан бери директор дайындала элек болчу. Тагыраагы лицейди буга чейин Элмира Алымбекова жетектеп келип, ал 2023-жылдын 29-сентябрь күнү ээлеген кызматынан бошотулган. Андан бери 2-3 жолу сынак өткөрүлүп, бирок сынакка катышкандар өтө албай калышкан. Кийинки сынакта Жакшылык уулу Ильичбек өтүп, кечээ 1-апрель күнү 6 айлык сыноо мөөнөтү менен кызматка дайындоо буйругу чыгарылгандын маалым болду. Бүгүн, 2-апрелде жаңы дайындалган директор эмгек жамаатка тааныштырылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.