Turmush — Чүй облусунун Кант шаарындагы Спорттун кышкы жана оюн түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде жайгашкан бассейндин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана башкалар катышты.
Бассейн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырылган.
Оңдоп-түзөөдөн өткөн бассейндин узундугу 25 метр, туурасы 12,5 метрди түзөт. Мындан тышкары өспүрүмдөргө арналган, узундугу 12,5, туурасы 6 метрлик бассейн да ишке берилди.