Turmush — Чүй облусундагы Саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору болуп Кубанычбек Солтобаев дайындалды.
Буга чейин ал жеке клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Бишкек шаарында жана 7 облуста Саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу борборлору түзүлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул борборлор саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында борборлору түзүлдү. Борборлор калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөйт, коррупцияга каршы чараларды көрөт, дары-дармектерди сатып алууда көзөмөлдү уюштурат, медицина кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча даттанууларды жана арыздарды карайт, ошондой эле аларды мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуш кылат. Бул медициналык тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...