Turmush — Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагынын Шамшы айылынын тургуну Кылыч Осукеев жыл сайын капкан менен 7-8 карышкыр кармайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Кылыч Осукеев 1969-жылы Шамшы айылында туулган. Дыйканчылык менен алектенет. Жаш кезинде мергенчилик кылып келген. Азыр карышкырларга капкан салат. Өткөн жылы капкан менен 8 карышкыр, быйыл 6 карышкыр кармаган.
«Капкан салуу өтө татаал иш. Анткени карышкыр өтө сак, акылдуу жырткыч болгондуктан, капканга түшпөй, айланып кетет. Аны ар ким эле сала албайт, Кылыч Осукеев капкан салуунун устаты», - деди мергенчилер.
Кылыч Осукеев: «Акыркы жылдары район боюнча карышкыр күч болуп жатат. Алардын санын азайтып турбаса, малды кырып, короого чейин түшө баштайт. Мурда жаш кезибизде мергенчиликке чыгып, карышкыр атчумун. Карышкыр атуу үчүн таңкы саат төрттө туруп, кар кечип, үшүп-тоңуп, чокуларга чыгып, аңдып жүрүп атасың. Азыр антип жүрүү кыйын болуп баратат.
Эки-үч жылдан бери мылтык кармабай, карышкырды капкан салуу менен кармап келе жатам. Элдер малыбызды ит-куш кырып жатат деп суранышат. Алардын өтүнүчү менен карышкырга чыгып, алар өтө турган жолдорду байкап, 8-9 капкан салам. Карышкыр сак, жыт алгыч, баамчыл жырткыч. Оңой менен капканга түшпөйт. Бир күндө 70-80 чакырым аралыкты басып, беш метр жерге чейин секире алат. Капкандын жытын алса же байкап калса, айланып өтүп кетет. Аны салуунун ыгын билип, алар өтүүчү жолдорго, кайкыларга салабыз. Кээ бир жерлерди айланып өтөт. Ошол жерлерге салабыз. Салган менен эле түшүп калбайт. Бир канча күн барат. Капканды карап туруу керек. Ошончо алыс жолго барып туруу өзүнчө түйшүк. Барбай калсаң, карышкыр шыйрагын өзү тиштери менен бөлүп, кетип калат. Былтыр бир карышкыр шыйрагын тиштери менен бөлүп, капкандан кутулуп кеткен.
Кышкысын азап эле. Капканды салганда каз тамандуу трактордун гусеницасын байлап коебуз. Капканга түшкөн карышкыр ошол оор темирди сүйрөп, далай жерге кетип калат. Аркасынан изи аркылуу кууп жүрүп, 2-3 күндө таап алган күндөр болот», - деди ал.
Каарманыбыз былтыр 8 карышкырдын, андан кийин 2 карышкыр, жакында эле 4 карышкырдын терисин көрсөткөн.
«Мамлакет тарабынан 6000 сом каралган экен. Соцфонд жана башкага кармап, колубузга 4800 сом акча тиет. Бул акча деле биздин бир эле күнгө карышкырга чыкканыбыз, атыбыздын жем-чөбү сыяктуу чыгымды жаба албайт. Эл үчүн, элдин малы аман болсун деп иштеп келе жатабыз», - деп кошумчалады ал.