Turmush — Жалал-Абад облусунда акыркы жылдары балдар жана өспүрүмдөр арасында кургак учукка кабылгандар көбөйдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырова билдирди.
Анын айтымында, бул ооруну чет жакта жакындары иштеп келгендер көп жуктуруп жатат.
«Өткөн жылы облуста жалпы 665 бейтаптан кургак учук илдети жаңыдан табылган. Бизди өкүндүргөнү — акыркы жылдары илдет балдар жана өспүрүмдөр арасында көп катталып жатканы. Тагырагы 75 баладан кургак учук табылган. Анын басымдуусу оорунун туруктуу формасы менен алышып жатат. 31 өспүрүмдөн да илдет табылган. Алар Тогуз-Торо районунун, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларынын тургундары. Илдеттин көп катталып жатышына сырткы миграция да өз таасирин тийгизип жатат. Биздин ак халатчандар оорунун очогун издей келгенде бейтаптын кайсы бир жакыны чет өлкөгө иштегени барып, ал жактан оору жугузуп келип, иммунитети начар үй-бүлө мүчөсүнө жугузуп кайрылышкандар. Балдар арасында ооруп жаткандардын эң кичүүсү 2 айлык наристе. Анын атасы чет өлкөдө иштеп келип, ымыркайга оору жуккан. Азыр бала жакшы, дарыланып үйүнө чыгарылган.
Эл арасында илдет тууралуу дагы деле жеткиликтүү маалымат жок. Көп учурда алар оору өтүшүп кеткенде биздин диспансерге кайрылышат. Өткөн жылы биздин бейтапканада даарыланып жаткан 28 бейтап каза болду. Алардын ичинен 4 киши чет өлкөдө иштеп жүрүп, оорусу өтүшкөндө ак халатчандарга кайрылып, бирок дарылоодон жыйынтык жок, каза болушту.
Аны менен катар жумуш учурунда ооруну жугузуп алган медкызматкерлердин саны көбөйдү. Азыркы тапта диспансерде саламаттык сактоо тармагында эмгектенген 9 кесиптешибиз жатат. Алар Токтогул, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун келген.
Былтыр облуста оору жеңил өткөн 176 бейтап амбулатордук шартта же үй шартында дарыларын ичип дарыланышкан», - деди ал.
Дарыгер буга катар эле аталган борбордо кадр маселеси да чоң көйгөй экенин кошумчалады.
«Ушул тапта иштеп жаткан дарыгерлердин дээрлик 60% пенсия курагында. Алардын оордуна жаш кадрлар таптакыр келбейт. Себеби алар стигма дискриминациядан коркушат. Ушул кезге чейин медициналык окуу жайларга кадр сурап көп жолу кайрылдым. Негизинен физиатр дарыгерге муктаждык күч», - деди Кадырова.
Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринде ушул тапта жүздөгөн бейтаптар жатып, кургак учуктун ар кайсы түрүнөн дарыланышууда. Алардын катарында 29 жаштагы Айназик (аты өзгөртүлдү) да бар. Ал 2 баланын энеси. Базар-Коргон районунун тургуну. Буга чейин мектепте мугалим болуп эмгектенчү. Оорусун билгенден кийин жумушунан бошоп, дарыланууга киришкен.
«Кайын журтум менен бирге айылда турабыз. Жолдошум экөөбүздүн 2 перзентибиз бар. Айылда жаш-кары, кыз-келин дебей талаа жумуштарын жапырт жасайбыз. Өзүм кесибим боюнча мугалиммин, мектепте балдарга сабак берем.
Бир күнү эле киндигимдин айланасы катуу ооруп, дене табым көтөрүлүп жатып калдым. Бейтапканага барсам «анализ тапшыр» дейт. Жеке менчик лабораторияларга 15-20 миң сомго анализ тапшырдым. «Ичиңде суу бар экен» дешти. Дарыгерлер аны көрүп, гинекологиялык жактан ооруп жатат деп дарыларды жазып берди. Бирок аны алган менен пайда болгон жок. Кийинчерээк Жалал-Абадга келип, ичимден суу алышты. Бирок менин абалым өзгөргөн жок. Ар кайсы ооруканага, мамлекеттик же жеке менчик дебей баарына барып жаттым. Баары эле УЗИден көрүп, «ичиңде суу бар» деп так диагноз коё албай коюшту. Кийинчерээк Ош шаарындагы жеке менчик клиникага барып, операция жасатып сууну алдырдык. Андан кийин анализдердин жыйынтыгы чыгып, кургак учуктун жабык түрү экени аныкталды.
2023-жылдын июль айынан бери, диспансерде даарыланып келем. Мындагы дарыгерлер бизге психологдой кеңешин берип, биздин сакайып кетүүбүзгө жардам берет. Антпесе мен жаңы жаткан учурда «6 ай дарыланасың» дешкен. Ошол кезде күнүнө 4 даана таблетка иччүмүн. Планымда 6 ай дарыланып, сентябрда үйгө барып, кайра мектепте иштей берем деп ойлогом. Себеби меники илдеттин жабык түрү эле. Бирок кийинчерээк вирус дарыга туруктуу болуп, дарылануум 6 ай эмес, 18 ай же 1,5 жылга узап, күнүнө 14 даана таблетка иче турган болдум. Ошол кезде стресске түшүп калдым. Себеби мурда кайын журтуңда чуркап кызмат кылып, талаа жумуштарына чейин жасап, мектепте элге аралашып иштеп жүрүп эле 1,5 жыл камалып, өзүмдү эч кимге керек эместей сезип кеттим.
Өзүм мугалим болуп балдарга сабак берип жүрүп, далай жолу жугуштуу оорулар тууралуу түшүнүк берип, түшүнүк каттарын жаздыргам. Бирок өз башыңа келсе өтө ыңгайсыз абалда калат экенсиң. Биздин элде кургак учук оорусу тууралуу маалымат жетишсиз. Илдеттин атын укканда эле «бул өпкөнүн жугуштуу оорусу, ага жакындаба» дешет. Азыр менин дарылануумдун дагы 1 жылдык убактысы бар. Эгер үйгө чыгып барсам, коомчулук мени кандай кабыл алат элестете албайм.
Ооруган соң иммунитет начарлап мурдагыдай иштей да албайсың. Кайын журтка кантип кызмат кылам билбейм», - деди ал.
Кургак учук сезимтал жана туруктуу болуп 2 түргө бөлүнөт. Бирок сөз болгон 2 түр тең 6 айдан 9 айга чейинки убакытта даарыланат. «Бипал» программасынын негизинде дарыланат. Ал эми оорунун индивидуалдык түрү менен ооругандар 12 айдан 18 айга чейин дарыланышат.
Буга чейин сөз болгон диспансерде 320 орун бар. Анда 220 кызматкер эмгектенет. Анын ичинен 24 дарыгер, 98 медайым. Калганы кичи медайым жана чарба кызматкерлери. Бул борбордо жылына 900гө чукул бейтап дарыланып келет.