Turmush — Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган факультеттер жана структуралык бөлүмдөр аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы кышкы спартакиада өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Спартакиада окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлүп, волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана институт, колледжден 10 команда катышты.
Эки жумага созулган кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтык:
- 1-орун — гуманитардык-технологиялык колледжи, 20 000 сом акчалай сыйлык;
- 2-орун — архитектура жана курулуш факультети, 15 000 сом акчалай сыйлык;
- 3-орун — Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту, 10 000 сом акчалай сыйлык.
Спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду.