Turmush — 16-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде студенттер арасында «Дени сак студент — күчтүү муундун негизи» аталышында шамдагайлар таймашы өттү. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, таймаш юридика-бажы факультети тарабынан уюштурулду. Аталган спорттук иш-чарага университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, студенттерди окуу менен бирге спорттун бир түрү менен алектенип, жаштар арасында университеттин атын даңазалоого үндөп, иш-чаранын негизги максаты студенттердин ынтымагын арттырып, достугун бекемдөө экенине токтолду.
Спорттук иш-чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин өнүгүү стратегиялык планынын кесипке багыт берүү, университетти коомчулукка даңазалоо ишмердигинин алкагында өткөрүлдү.
Шамдагайлар таймашына окуу жайдын «Достук» спорт клубу, дене тарбия мугалимдери калыстык кылып, жалпы факультет, колледждерден 9 команда катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.