Turmush — Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн Beeline Кыргызстан уюлдук оператору жана «АЮ Гарант» камсыздандыруу компаниясы өз аракеттерин бириктиришти. Эми сиз автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) түздөн-түз Beeline кеңселеринен ала аласыз.
ОСАГО полисинин жоктугунан айып пул сала баштайт деп күтпөңүз, жолдордогу бейпилдигиңизге азыр кам көрүңүз. Өзгөчө, Beeline жана «АЮ Гарант» кызматташтыгы сиз үчүн бир катар артыкчылыктарды камсыз кылат:
-
Жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук. ОСАГО полисин Beeline кеңселеринде убара болбостон жана убакыт коротпостон алыңыз (өлкө боюнча кеңселеринин тизмеси менен шилтеме аркылуу таанышса болот).
-
Ишенимдүү шарттар. «АЮ Гарант» жогорку сапаттагы камсыздандырууну жана сиздин мүлкүңүздү коргоо жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат.
-
Кесипкөйлөрдөн кеңеш. Сиз ар дайым толук тактоо үчүн кайрыла аласыз — биздин адистер сизге жардам берет.
Эскерте кетсек, камсыздандыруунун бул түрү унаа ээлерин жол кырсыгы болгон учурда күтүлбөгөн чыгымдардан коргойт. Башкача айтканда, жол кырсыгына күнөөлүүнүн ОСАГО полиси бар болсо, камсыздандыруу компаниясы жабыркаган тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруп берет.
«ОСАГО — бул жөн гана заманбап талап эмес, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдардан ишенимдүү коргоо. Тилекке каршы, жолдо кырсыктар сейрек кездешпейт, андыктан ар бир жооптуу унаа ээсинин ОСАГО полиси болушу керек. Камсыздандыруу процессин сиз үчүн дагы жеңил жана ыңгайлуу кылууну чечтик. Жолдо сак болуңуздар!», - дейт Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.
ОСАГО полисин тариздөө болгону бир нече мүнөттү талап кылат. Сиздин жаныңызда төмөнкү документтер болушу керек:
– Паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк;
– Транспорт каражатын каттоо документи (күбөлүк, техникалык паспорт ж.б.);
– Башка адамдын атына катталган учурда транспорт каражатына ээлик кылуу укугун ырастоочу документ (ишеним кат);
– Транспорт каражатын башкарууга укугу бар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк же анын көчүрмөсү.
ОСАГО суроолору боюнча кошумча маалымат менен https://agi.kg/ шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле 1206 кыска номерине чалып суроолорду берсеңиз болот.
Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!